“Жылдыздуу жээкте” жылдызы жанган ырлар

“Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалынын 2-күнүндө “Жаш толкун – 2022” поэзия сынагынын 13 финалистине “Жылдыздуу жээк” темасында ыр жазуу тапшырмасы берилди. Бир караганда жеңил, ары оңой көрүнгөнү менен оор тема. Калыстардын башка мүчөлөрү кандай ойдо болду билбейм, мен: “Бул символикалуу ойду камтыган теманы ачып бере алаар бекен, же аны натура түшүнүп, көл, көлдүн жээги, андан ары кетсе жылдыздуу жээк тууралуу жазып, жолдон адашып калаар бекен?” деген күдүк ойдо калдым.

Поэзия фестивалынын 3-күнүндө кечки саат 5-6ларда берилген тапшырма боюнча жазылган ырлар ыр сынактын калыстарынын колуна тийди. Бул жолу да ырлар “Жаш Толкун -2022” поэзия сынагынын 1-этабындагыдай эле катар номерлери коюлуп, авторлордун аты-жөнү көрсөтүлбөй берилди.

Ырды туура түшүнүп, калыс баа берүү – оңой-олтоң нерсе эмес. Бул өтө чоң жоопкерчилик. Ырды бир жолу окуп эле жетик түшүнүү мүмкүн эмес. Кээ бир ырларды он кайталап окуган соң гана анын маани-маңызына жетесиң. Анан калса ар кимдин адабий табити ар кандай. Андыктан, ырларды шашпай бир сыйра окуп чыктым да, кийинки окуганда ар бир ырдын тушуна – ал ыр берилген темага жооп береби, же жооп бере албайбы, о.э. ал ырга мүнөздүү кемчилик, же өзгөчөлүгүн белгилеп жазып отурдум.

“Жылдыздуу жээк” темасы тууралуу ыр жазуу тапшырмасы берилгенде эле “жылдыздуу жээк, көлгө” байланып калбаса экен” деп куду мен чочулагандай эле болуптур. Тапшырма берилген темага карата жазылган ырлардын уйкаштыктарында, ыр жазуу чеберчиликтеринде, жадагалса ырдын көркөмдүгүндө айып жок, бирок көпчүлүгү “жылдыздуу жээктен” нары узай алышпаптыр.

Үчүнчү кайталап окуганда гана бааларды коюп, арасынан темага жакын жана жооп берген ырлар катары 4, 5, 11,12, 13 номерлүү ырларды тандап алдым жана ушул ырларды “Жылдыздуу жээкте” жылдызы жанган ырлар деп айтаар элем.

4 номерлүү ыр Улукбек Омокеевдики экен (бул кийин, ошол кечте жаш акындар өз ырларын окуганда гана белгилүү болду).

№4 Улукбек Омокеев

Тыптынч түн, көл да тыптынч,

Ойлорум учсуз, түпсүз.

Кол шилтейм эртең болчу кызыктарга.

Асман тынч, жылдыз толгон,

Кабар жок каалгып жүргөн булуттан да.

Кай бирде ылдый карап,

Кайрадан жылдыз санап

Жөлөнүп тосмосуна,

Максатсыз тунжураймын пристанда.

Сөз таппай ыр кыларга,

Бир ойдон бир кыялга

Эрксизден аттап-буттап көчтүм далай.

Үн чыкты чексиздиктен,

Ал үнгө аралашып кеттим далай.

Тестиер бала кезден,

Бул кезге ала келген.

Топ адам турган жерде

Адат бар менде, ыр-жомок, кеп тыңдамай.

Асманда топ-топ болуп,

Бир-бирин коштоп коюп

Күү чертип, Манас айтып, ыр ырдашып.

Эстешип жердегисин,

Ууртунунан мурут жанып кудундашып,

Тигинде дастан көл деп

Биз жээктеп баскан көл деп

Үн эмес, нуру менен

Жылдыздар баарлашууда жымындашып.

Бири айтат өткөн күнүн,

Жаркыган көктөм күнүн,

Бактылуу толкундарды кечкен күнүн.

Бири айтат улутунуп,

Мезгилдин катаалдыгын, өктөмдүгүн.

Муруту чыга электе,

Сүйүүгө туна электе,

Коштошуп ушул жээкте.

От күйгөн кан майданга кеткендигин.

Биринин баатырдыгын,

Биринин акындыгын

Айтышат сөзгө, ойго баш урганын,

А бири сыймык көрүп,

Эл үчүн, мекен үчүн атылганын

Улуу көл тунуп турду

Унчукпай угуп турду

Эсине түшүп баары

Элжиреп эркелетип асылдарын.

“Аырба” деп ал сураган

Бир жылдыз жаркыраган,

“Сен кимсиң, кеп тыңшаган бала, — деди.

Таңыркап турасың да

Жактыбы баарлашуубуз сага, — деди

Кубанып угалы биз,

Кубаттап туралы биз,

Окучу акын жигит,

Жалындуу жазган ырын кана?” — деди.

Сенектей калдым көлдө

Башымды салдым жерге,

Көрүнбөй калса экен деп кызарганым.

Өзүмө өзүм батпай

Ичимде кайнап турду ыза-арманым.

Жылдызга мен да бир күн,

Айланам, эл да билсин.

Шооламдын көрөт баары

Жарыгы жерге жетип узарганын.

Тунжурап эчен жылга

Айтпаган экен мурда

Асманга жакындыгын бул кумдуу жээк.

Коштоштум көлүм менен.

Унутпайм түбөлүккө бул күндү деп.

Толкунун тумар кылып,

Толтура ыр артынып.

Өрөпкүп окуганы

Күт мени, кайра келем, жылдыздуу жээк.

Айланам мен да бир күн Чоң Жылдызга…

Улукбек Омокеевдин ыры жакшы чыккан, бирок бир аз узарып кеткен. Теманы ачууга аябай дитин койгону, изденгени, ыр жазуу чеберчилиги жетик экени көрүнүп турат. Ар бир сөзгө маани берген, уйкаштыктары да таамай. Кемчилиги ыр узарып кетип, айтайын деген ою инерция менен үстүрт чечмеленип калган. Башкачараак, күтүүсүз жыйынтыктаса, ырдын узарып кеткени өзүн өзү актамак.

5 номерлүү ыр Нуркыз Рыскул кызыныкы экен, чогуу окуйлу.

№5 Нуркыз Рыскул кызы

Ачык деңиз…

А жээкте төрөлүштү, жаңы эле ташбакалар…

Арамдык көрүшө элек, жазмышка көнүшө элек таптаза алар.

Кыбырап көк деңизге бет алды аруу бойдон,

Кылымдап өмүр сүрөт, бир кудай сактаса алар.

Оролгон толкун келип, оп тартып кетти аларды,

Ойлошкон оңой го деп, ойлору четте калды.

Чыйралсын дегениби, тереңдеп деңиз барат,

Чынында эми аларды, дал ушул деңиз багат.

Ошону түшүнгүчө оо канча азап жешет,

Оозунан азуулуунун, обдулуп качат, безет.

Оңойбу жанды сактоо кыйырсыз бул деңизде,

Ошончо ташбакадан, азы эле жашап кетет…

Аларга өмүр-өлүм, арасы жакын эле,

Азуулуу мойсоп кетет, артынан азыр эле.

Билмекпи душман аны, кечээки ташбакалар,

Бирөөгө аалам болсо, бирөөгө азык эле.

Бир күлүп, бирде үмүтүн баарынан үзө берип,

Бир кулап,бир жаңылып, бирок түз сүзө берип.

Акыры аркы жээкке жетишет кыйындары,

Артында калат анан, корккону, кыйылганы!

Мен дагы аларга окшоп, турмуштун деңизине,

Боюмду таштагамын жетем деп жеңишиме!

Жыгылдым, кээ бирөөлөр жылмаят ишенишпей,

Жылдыздуу мени күткөн, жээгиме келишиме.

Жолумдан жырткыч чыгып, азуусун кайрап кеткен,

Жолубуз бир дегендер, жойпудай жайлап кеткен.

Тырмагы узундары тың чыгып баратат деп,

Тыптыйпыл кылмак үчүн тытмалап аймап кеткен.

Жарадар болгон менен, жакындап баргансыймын,

Жакшыдан жакшы тилек жаныма алгансыймын.

Жымыңдайт көктө жылдыз, караңгы баскан сайын,

Жылдыздуу жээгим Сага, жакындап калгансыймын!

Жанагы ташбакадай, бир кылым жашабасам!

Жанымды кейиткенге, жакшылык жасабасам!

Жылдыздуу жээкке жетип, жылдыздуу бир ыр жазып,

Жылдыздуу өмүр сүргөн бир кыз деп атабасам!

Жылдыздуу өмүр сүргөн Нуркыз деп атабасам!

Нуркыз Рыскул кызынын “Жылдыздуу жээк” темасын ачуудагы аракети, далалаты, изденгени дароо көзгө урунат. Ырдын көркөмдүгүнө, уйкаштыктарына да кине кое албайсың. Ырдын сюжети, композициясы да өз ордунда.

Ал өз оюн ташбакалардын көркөм образы аркылуу бергиси келген. Дал ушул нерсе баарыбызда талаш жаратышы ыктымал. Бирок, автор эмне үчүн ташбаканын образына кайрылган, ал жооп ырдын өзүндө турат. “Кылымдап өмүр сүрөт, бир кудай сактаса алар” – деген сапта жан бар. Автор жазгандай, ташбака миң жыл жашайт. А анын жашап калышы Жараткандын колунда. Адам өмүрү кыска. А аны узартыш адамдан. Өз жашоосунда жылдыздуу жээгин тапкан адам гана миң жыл жашашы мүмкүн.

Бир күлүп, бирде үмүтүн баарынан үзө берип,

Бир кулап,бир жаңылып, бирок түз сүзө берип.

Акыры аркы жээкке жетишет кыйындары,

Артында калат анан, корккону, кыйылганы!

Бул саптар ташбакага да, адамга карата да айтылган. Ырдын тузу мына ушул саптарда.

12 номерлүү ыр Элгиза Бузурманкулованын ыры экен.

№12 Элгиза Бусурманкулова

Жылдыздуу жээк…

Эки дүйнө – аралыгы асман, жер…

Мезгилдери сынган, көрктүү калаалуу.

Жаныма боор, жаңы өмүрдөй тиктедим,

Жарым тилек түштөрүмөн көп көргөн,

Көздөрүңдү…

Экөөбүз жеңил бийге түшкөн

түстүү талааны.

Ээндиги эркимен тар Көл. Калаа.

Төрт бөлүндүм. Төрт күйгүздүң чылымды.

Бул тагдырдын баянына түшүнбөй,

Аянына акааратты келтирип,

Жылдыздуу жээк экөөңөргө төктүм ээ?..

Кудайдан да катып жүргөн сырымды…

Асманыңда ак гүлдөрү жайнаган,

Жаназалуу, жарык тагдыр ачкычы.

Меникинен сулуурактай туюлат,

Мончогумдан көркөмүрөөк көрүнгөн,

Көзүңдөгү жанган өмүр бактысы.

Үйүңдөгү жанган аял бактысы…

“Жылдыз көздүү өмүр“ – дедиң. Жылдыздар…

Бир тагдырдын кооздолгон бөлмөсү.

Дүйнөңдөгү жылдыз өчпөй турса экен,

Дүңгүрөгүн сезем балким сезбесмин.

…эми…

Ак бактыма асман кулайт, Күн кулайт.

Жылдыздуу жээк экөөң гана көрбөйсүң…

12 номерлүү ыр Элгиза Бузурманкуловага тийиштүү экенин жазган стилинен эле билгем. Чыйрак жазылган ыр. Башка авторлордун ырларынан ой жүгүртүүсү боюнча дароо өзгөчөлөнөт. Буюрса, Элгизадан мыкты акын чыгат. Албетте, анын курагында адатта акындар абстрактуу ойлонушат. Бул жакшы да, ошол эле учурда опурталдуу. Арийне, мында чочулай турган эч нерсе жок, анын баары бара-бара өз ордуна келе турган нерсе. Эркин ырдын табияты өзү ошондой келет.

11 номерлүү ыр Мелис Маматжановдуку экен.

№11 Мелис Маматжанов

«ЖЫЛДЫЗДУУ ЖЭЭК»

Мелтиреген жымжырттыкка жашынып,

Көктө калкыйт айдын нуру муңайым.

Тайыздыкты тереңдикке жашырып,

Көл термелет көз жашындай Кудайдын.

Жел ыргалат үнсүздүккө созулуп,

Жүрөгүндөй жалгыз калган аралдын.

Тирүүлүктүн үнү менен кошулуп,

Толкун бийлейт музасында шамалдын.

Оттуу күндүн илиебинде ой күтүп,

Жүрөгүмө катам көлдүн ууз таңын.

Жылдыздардын көрсөтсөм деп көрктүүсүн,

Өмүр кээде жылдыздардай муздадың.

Жер-асмандын ортосунда сыр чечип,

Жел термелет күчү менен Теңирдин.

Жылдыз конот толкундарга жылт этип,

Шакегиндей жаңы келген келиндин.

Жылдыздуу жээк кучагыңда өмүр бар-

Караңгы түн ачат сыртка түндүгүн.

Бирде дүйнө жылдыз жааган көл сымал,

Бирде дүйнө сыныгындай күзгүнүн.

Карегимде тунуп барат көк ирим,

Жылдыз таңга али сиңип кете элек.

Кумдан дубал курган сымал өмүрүм-

Көл дүйнөдөн – көр дүйнөгө жетелейт.

Жылдыздуу жээк сапар улайт карыбай,

Келет, кетет күтүү менен кемелер.

Көктө жанган жылдыздарды тааныбай,

Кумдан ЖЫЛДЫЗ изеп жүрөт пенделер…

Көктө жанган жылдыздарды тааныбай,

Кумдан ЖЫЛДЫЗ издеп жүрөт пенделер…

11 номерлүү ырда автор сөздү оболу жээктен баштабай, көктө калкыган муңайым айдын нурунан ылдыйлап түшүп келет, анан дароо көккө көтөрүлүп, көлдү Кудайдын көз жашына салыштырат. Мына ушул “Көл термелет көз жашындай Кудайдын” деген салыштырманы мен өзүмө “кызык салыштыруу” деп белгилеп койгон экем. Мындай кызык салыштыруулар, элестүү саптар ырдын ар бир сабагында кездешет. Мисалы:

/ Өмүр кээде жылдыздардай муздадың /

/Шакегиндей жаңы келген келиндин /

/Бирде дүйнө жылдыз жааган көл сымал,

Бирде дүйнө сыныгындай күзгүнүн. /

/Кумдан дубал курган сымал өмүрүм –

Көл дүйнөдөн – көр дүйнөгө жетелейт/.

Бул саптар – анын авторунун акын катары жетилип калгандыгын, интеллектуалдык деңгээлин, ой жүгүртүү чабытынын бийиктигин, кандай темада болбосун ойдогудай ыр жаза ала тургандыгын тастыктап турат. Ошол эле учурда, бул саптар канчалык элестүү болбосун, булардын баарын бириктирген көркөм ой, жеткиликтүү логикалык жыйынтык болбой калганын айтып коюшубуз керек. Ойлор күзгүнүн сыныгындай чачырап кеткен да, автор жазгандай кумдан курулган дубалды элестетет.

Ырдын акыркы саптарындагы:

Көктө жанган жылдыздарды тааныбай,

Кумдан ЖЫЛДЫЗ издеп жүрөт пенделер… – деген көркөм ойду логикалык жыйынтык деп айтуу өтө талаштуу.

Ырдын авторунда, Мелис Маматжан уулунда акындык дарамет, мүмкүнчүлүк көп экени ырдын ар бир сабында көрүнүп турат. Арийне, ал ошол мүмкүнчүлүгүн пайдалана албагандай, тагыраагы ыр жазууга кыска убакыт берилгендиктен шашып калгандай сезилди.

13 номерлүү ыр Бүкалча Маматали кызынын ыры экен.

№13 Букалча Маматали кызы

«Жылдыздуу жээк»

Өмүр – жарык. Жарык менен саналат

Кудай берген куттуу күндүн ар бири.

Өмүр – жарык. Өмүр бизге аманат

Колубузда аны кандай жандыруу.

Азыр менин Кудай кошкон жарым бар

Бүлө күткөн бир көрүштө арзышпай.

Ошол адам жандырууда багымды

Кудай мага айтып ийген алкыштай.

Анан менин жарык кылып күнүмдү

Арзуу болду алдей айтуу он түрдүү.

Кечээ гана курсагымды тепкилеп,

Бүгүн балам кучагымды толтурду.

Жарык болуп жанып турат айланам,

Көз уялткан жылдыздардай жымыңдап.

Мага гана таандык болгон өмүрдө

Жарым – сүйүү, балам – дөөлөт, ырым – бак.

Башат – жээкте. Баары жээктен башталат.

Башат – четте. Баары четтен башталат.

Жарыктарга карап туруп жөн гана

Бактылуумун башкалардан башкараак.

Жарыктарга, жылдыздарга жапжарык

Жээкте туруп суктанганга не жетсин!

Бул ырдын “Жылдыздуу жээк” тууралуу башка ырлардан өзгөчөлүгү жөнөкөй жазылган. Татаал, же абстрактуу эч нерсе жок. Сөз өмүр тууралуу, өмүр – жарык экени, Кудай берген куттуу күндүн ар бири жарык менен саналары, ал жарыкты жандыруу ар бир адамдын колунда экени тууралуу башталат. Андан соң автор өз каарманынын сөзү аркылуу үй-бүлө күткөнү, арзып кошулган жары Кудайдын алкышындай деген ойду айтат. Байкадыңыз да, өмүр тууралуу ой үй-бүлө тууралуу сөз логикалык жактан ырааттуу уланат. Адамзат коомунун жаралышында, мамлекеттин пайдубалы түптөлүшүндө үй-бүлөнүн орду өзгөчө эмеспи. Ырдын андан ары сабагында ар бир үй-бүлөнүн данакери болуп, кубанычка бөлөгөн бала тууралуу кеп кетет. Кийинки ыр сабагында:

Мага гана таандык болгон өмүрдө

Жарым – сүйүү, балам -дөөлөт, ырым – бак – деп өз өмүрүнө жарык чачкан “жарыктардын” катарына ырды – ПОЭЗИЯНЫ кошот.

Ошондон кийин гана жээк тууралуу сөз козгоп,

Башат – жээкте. Баары жээктен башталат.

Башат – четте. Баары четтен башталат, – дейт да,

Жарыктарга карап туруп жөн гана

Бактылуумун башкалардан башкараак, – деп оюн жыйынтыктайт.

“Бактылуумун башкалардан башкараак” – деп поэзияга эң сонун көркөм табылга киргизген.

Бул ыр “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалындагы “Жаш Толкун – 2022” поэзия сынагынын финалисттеринин арасында “Жылдыздуу жээк” темасында жазылган ырлардын мыктыларынын бири болду деген ойдомун.

P.S. Бул эми менин жеке пикирим. Поэзия – 2 + 2 = 4 дегендей арифметика, адабият – математикадай так илим эмес. Ырды ар кандай чечмелей берсе болот. Балким, ушул эле ырларды башкалар башкача кабыл алышы турулуу иш. Бирок, мыкты жазылган ыр – алгыр куш, күлүк ат, сулуу кыз сыяктуу бир караганда эле кашкайып көрүнүп турат.

Айрымдар, ырдын табиятын билбей, мыкты ырга деле татыктуу баа бере албай, айласы кеткенде “адабий табит ар кандай болот” деп өзүн сооротуп, актана беришет. Кеп, адабий табитте да эмес, адабий көрөңгөдө. Көрүп жүрөбүз, ыр менен пырды бири-биринен айырмалай албагандар жок эмес. Андыктан, сиздер “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалынын учурунда жазылган, жылдызы жанган ырларга ашырбай да, кемитпей да өз баасын берет, өөндөн мөөн издебейт деген ишеничтемин.

 

Мурунку